Бинали Йылдырым Чыңгыз Айтматовдун мазарын зыярат кылды

Парламенттин спикери Түркиянын Бишкек элчилигинде  Кыргызстанда жашаган  түрк жарандары жана Ахыска түрктөрүнүн өкүлдөрү менен да жолугушту.

1102245
Бинали Йылдырым Чыңгыз Айтматовдун мазарын зыярат кылды

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Бинали Йылдырым Кыргызстанда белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мазарын зыярат кылды.

Биналы Йылдырым Ата  - Бейит  мемориалдык көрүстөнүндөгү  кыргыздардын орус падышачылыгына каршы көтөрүлүштө каза болгондордун элесине тургузулган эстеликке, Сталин режими тарабынан өлтүрүлгөн кыргыз интеллигенттери менен Айтматовдун кабырына гүл койду.

Айтматовдун мазарында окулган Кураан Керимди уккан Йылдырым жана коштоосундагы делегация дуа кылышты.

Бинали Йылдырымды зыяратында Жогорку Кеңештин вице  - спикери Мирлан Бакиров, Түркия Улуттук Парламентинин орун басары Желал Адан, Түркия – Кыргызстан парламенттер аралык Достук группасынын төрагасы Сабри Өзтүрк, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Карс депутаты Ахмет Арслан, Республикалык Элдик партиясынын Анкара депутаты Гамзе Ташжыер, ИЙИ партиясынын Самсун депутаты Бедри Яшар жана коштоосундагы делегация коштоду.

Премьер  - министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен да жолугушкан Биналы Йылдырым Кыргызстандын премьер  - министринен  өлкөсүндөгү Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨнүн мектептеринин жабылышын талап кылды.

Парламенттин спикери Түркиянын Бишкек элчилигинде  Кыргызстанда жашаган  түрк жарандары жана Ахыска түрктөрүнүн өкүлдөрү менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар