Түркиядан Йеменге жардам кампаниясы

Түркия Йемен үчүн жардам кампаниясын баштатты.

Түркиядан Йеменге жардам кампаниясы

 

Дин иштери боюнча башкармалык жана Түркия Диянет фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасы Али Эрбаш Түркия Диянет фондунун конференция залында өткөрүлгөн «Йеменге үнсүз калба» деген темада жардам кампаниясын таанытуу жыйынына катышты.

Эрбаш бул жерде сүйлөгөн сөзүндө адамзат кыйын сынактардан өткөн бир доордо жашагандыгын белгилеп, адамзаттын уятын бул жолу Йеменде жоготкондугун билдирди. Йеменде 22 миллион кишинин ачкачылык менен күрөшүп жаткандыгын эске салган Эрбаш чукул түрдө жардам берилбесе 11 миллиондон ашуун кишинин каза болоруна көңүлдөрдү бурду. Эрбаш Йеменде саламаттык сактоо базисинин толугу менен жок болгондугуна көңүлдөрдү буруп : «Көпчүлүгү Ел Худейде шаарында болгон 1, 2 миллион киши холера менен ооруп жатат. Кагылышуулардан улам үйлөрүн таштап кеткенге мажбур болгон 2, 6 миллион киши оболу жашай турган жерге муктаж»,- деди.

Түркия Диянет фондунун Йеменде жардамга муктаж болгондорго ушул күнгө чейин 8,5 миллион лиралык жардам бергендигин эске салган Эрбаш : «Бүгүн да жардам иштерибизди дагы кенен абалга алып келүү жана эң жогорку деңгээлге алып баруу үчүн «Йеменге үнсүз калба» деген темада жаңы бир кампания баштап жатабыз. Элибизди бирдикте дагы күчтүү түрдө адамзаттын уятын алып жүрүүгө чакырабыз»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар