Жеймс Жеффри бүгүн Анкарага келет

14 – декабрда Иорданияга бара турган Жеффри Сирия тууралуу жолугушууларды өткөрөт.

Жеймс Жеффри бүгүн Анкарага келет

АКШнын Сирия атайын өкүлү Жеймс Жеффри бүгүн борбор шаар Анкарага келет.

14 – декабрда Иорданияга бара турган Жеффри Сирия тууралуу жолугушууларды өткөрөт.

АКШнын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Жеффрини Түркия жана Иордания сапарларында  тышкы иштер министрлигинин катчысы Жоел Райбурн да коштойт. Жеффри Түркияда жолугуша турган жетекчилер менен Сириядагы акыркы абалды карап чыгышат жана «Жогорку деңгээлдеги Сирия иш алып баруу группасы» түзүлөт.

Иордания жолугушууларында болсо Сирия режимине жасалган кысымды эң жогорку деңгээлде улантуу тууралуу маселени карап чыга турган Жеймс Жеффри БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254 – чечими күткөн саясий чечүүчү жолго карата кадамдарды жетекчилер менен карап чыгат.

Жеффри бул жерде Сирия саясатынын түзүлүшүндө кызмат кылган АКШлык кызматкерлер менен да жолугушат.



Тектеш кабарлар