Президент Р. Т. Эрдоган Түштүк Америка сапарына чыгат

Президент Р. Т. Эрдоган 30 -  ноябрь, 3 -  декабрь күндөрүнүн арасында Аргентина, Парагвай, Венесуэлага барат.

1096087
Президент Р. Т. Эрдоган Түштүк Америка сапарына чыгат

Президент Р. Т. Эрдоган 30 -  ноябрь, 3 -  декабрь күндөрүнүн арасында Аргентина, Парагвай, Венесуэлага барат.

Президенттиктин басма сөз борборунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Эрдогандын 30 -  ноябрь жана 1 -  декабрь күндөрү Аргентинада өткөрүлө турган чоң жыйырмалардын лидерлер саммитине катышары, 2 – 3 -  декабрда да Парагвай жана Венесуэлага сапар менен барары билдирилди.

Чоң жыйырмалар саммитинин глобалдык күн тартибинин негизги темаларынын арасында орун алган улантууга боло турган, тең салмактуу жана кенен камтуучу өсүү максатына жетүү максатында жүргүзүлгөн эмгектердин каралып чыгылышы, эл аралык соода, өнүгүү, жумуш менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо, сан ариптешүүнүн  экономикалык жана социалдык таасирлери, климаттык алмашуу менен терроризм жана миграция темаларынын каралышына мүмкүнчүлүк берери белгиленди.

Эрдогандын бул себеп менен саммитке катышуучу кээ бир өлкөлөрдүн лидерлери жана эл аралык уюм өкүлдөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү күтүлүп жаткандыгы билдирилди.

Президент Эрдогандын Буэнос Айрестеги чоң жыйырмалардын лидерлер саммитинен кийин 2018 -  жыл 2 – 3 – декабрь күндөрү Парагвай жана Венесуэлага расмий сапар менен барары билдирилип, бул сапарлардын Түркиядан Парагвай жана Венесуэлага президенттик деңгээлдеги биринчи сапар болуу өзгөчөлүгүндө экендиги баса белгиленди.

Парагвай жана Венесуэла сапарларында аты аталган өлкөлөр менен эки тараптуу, аймактык жана эл аралык күн тартиптеги темалардын каралышы жана эки тараптуу карым  - катнаштардын дагы алдыга жылышына мүмкүнчүлүк бере турган түрдүү келишимдерге кол коюлушу күтүлүп жаткандыгы белгиленди.

 

 

 



Тектеш кабарлар