Президент Р. Т. Эрдогандын 10 - Ноябрь билдирүүсү

Эрдоган Газинин сыпаттарынын жаштарга жана балдарга абдан жакшы түшүндүрүлүшү керектигин белгиледи.

Президент Р. Т. Эрдогандын  10 -  Ноябрь билдирүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган элди орток бир идеалдын тегерегинде бириктирген Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн эркиндик күрөшүн республиканы куруу менен акырына чыгаргандыгын баса белгиледи.

Президент Эрдоган Гази Мустафа Кемал Ататүрк каза болгон  10 -  ноябрдан улам маалымат жарыялады. Эрдоган Газинин сыпаттарынын жаштарга жана балдарга абдан жакшы түшүндүрүлүшү керектигин белгилеп : «Анын «эң чоң чыгармам» деген республикабызды  жашатуу жана дагы да өнүктүрүү үчүн бизге түшкөн жоопкерчиликтерди бирдикте орундатышыбыз керек»,- деди.

Түркия республикасынын куруучусу Ататүрктүн каза болушунун 80 жылдыгында ыраазычылык менен эскерген Эрдоган : «Республикабыздын 95 -  жылын сыймыктануу менен белгилеген Түркия ырааттуулук ичинде күчтөнүүгө жана өсүүсүн улантып жатып, ата – бабаларыбыздын ар бир мезгилде алдына чыккан тоскоолдуктарды биримдик ичинде ашкандыгын, улуттук жана руханий баалуулуктарын бардык шарттарда жашаткандыгын, ишенген жолдон эч качан кайтпагандыгын, келечегине ээ чыккандыгын да унутпашыбыз керек»,- деди.



Тектеш кабарлар