Президент Р. Т. Эрдоган Францияга барат

Президент Р. Т. Эрдоган Парижде Биринчи дүйнөлүк согушун акырына чыгарган Ок атышпоо келишиминин 100 жылдыгына карата иш чараларга катышат.

Президент Р. Т. Эрдоган Францияга барат

Президент Р. Т. Эрдоган Франциянын президенти Еммануэль Макрондун чакыруусу менен эртең Франциянын борбор шаары Парижге барат.

Президенттик басма сөз борборунан берилген маалыматта Эрдогандын Биринчи дүйнөлүк согушун акырына чыгарган Ок атышпоо келишиминин 100 жылдыгына карата Парижде өткөрүлө турган иш чараларга катышуу үчүн  10 – 11 -  ноябрь күндөрү Францияга барары белгиленди.

Бул иш чараларга 100гө жакын мамлекет жана өкмөт башчысы менен жогорку мартабалуу эл аралык жетекчинин катышары билдирилип, президент Эрдогандын сапарында кээ бир өлкө лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшүнүн күтүлүп жаткандыгы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар