Пакистан Түркияны CPEC долбооруна чакырды

Пакистан Түркиянын Кытай  - Пакистан Экономикалык Коридору CPEC долбооруна кошулушун суранды.

Пакистан Түркияны CPEC долбооруна чакырды

Пакистан парламентинин астыңкы канаты Улуттук парламенттин төрагасы Асад Кайзер Түркиянын Кытай  - Пакистан Экономикалык Коридору CPEC долбооруна кошулушун суранды.

Парламентте Түркияны  Исламабад элчиси Ихсан Мустафа Юрдакулду кабыл алган  Кайзер Пакистан мамлекеттик радиосуна маалымат берди. Кайзер : «Пакистан Түркия менен карым  - катнаштарга маани берет жана жаңы өкмөт бул карым  - катнаштарды өнүктүрүү менен күчтөндүрүүнү каалайт»,- деди.

өткөн айларда Сауд Арабия да катышкан 75 миллиарлык долбоорго Түркияны да чакырган Кайзер : «Кытай  - Пакистан Экономикалык Коридору эки бир тууган өлкө болгон Түркия жана Пакистан үчүн экономикалык жактан маанилүү. Түркиянын кошулушу бардык аймак өлкөлөрүнүн пайдасына болот»,- деди.

Юрдакул да Түркиянын Пакистан менен карым  - катнаштарына маани бергендигин белгилеп, ушул себептен карым  - катнаштардын өнүгүшү үчүн керек болгонду аткаруу убадасын берди. Юрдакул  Кайзерди 14 -  декабрда Стамбулда өткөрүлө турган Кудс үчүн парламентарлар биримдиги жыйынына чакырды.

Кытай менен Пакистандын ортосунда 2014 -  жылы түзүлгөн келишим менен турмушка ашкан Кытай – Пакистан Экономикалык Коридору Кытайдын Синжан аймагынан башталып Пакистандын Гвадар портунда аяктайт.

Кургактык, темир жолу, нефть жана газ түтүктөрү, нефть рафинериясы жана порт сыяктуу чоң долбоорлору болгон Кытай  - Пакистан Экономикалык Коридору Кытайга Африка жана Жакынкы Чыгышка кыска жана арзан жолдон ташуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Кытай  -  Пакистан Экономикалык Коридору Пакистанды  Кытай товарлары дүйнөгө ачылган өлкө кылып, өзгөчө өлкөдө жаңы иш тармактарын да түзөт. Долбоорго өткөн айларда кошулган Сауд Арабия болсо өлкөсүнүн эң чоң экинчи нефть рафинериясын Пакистанда куруу чечимин чыгарды. Ушунун саясында Сауд Аравия нефтиси Пакистан аркылуу Кытайга дагы кыска убакытта жеткирет.   



Тектеш кабарлар