Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин Жалпы Кеңеши

Кечээ биримдик делегациясынын 31 жаңы мүчөсү шайланды.

Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин Жалпы Кеңеши

Стамбулда 3 -  ноябрда башталган Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин Жалпы Кеңешинде кечээ биримдик делегациясынын 31 жаңы мүчөсү шайланды.

Жалпы Кеңеште өткөн шайлоодо 84 талапкердин арасынан Түркиядан шайланган Өмер Фарук Коркмаз 366 добуш менен эң көп добуш алгандардын арасында орун алды.

Бир тараптан Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин мурунку төрагасы Юсуф ел Карадави, Биримдиктин төрагалыгына марокколук профессор доктор Ахмед ер  - Райсунинин шайланышынан кубанычтуу  экендигин билдирди.

Карадави биримдиктин жалпы жыйынында шайлоодон кийин сүйлөгөн сөзүндө Райсуниндин чыгыштын жана батыштын аалымы экендигине, чыгыштык жана батыштык аалымдар тарабынан жактырылгандыгына көңүлдөрдү бурду.

Карадави : «Райсуни диндин максатын исламдын маанисин жана исламдык тең салмактуулукту түшүнүүдө ийгиликтүү мусулмандардан»,- деди.  

Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин Жалпы Кеңешинде бүгүн биримдиктин секретары шайланат.

 



Тектеш кабарлар