АКШнын демилгесине этият карайбыз

Ибрахим Калын, АКШнын жикчил террор уюму ПККнын 3 корбашчы туурасында маалымат бергендерге сыйлык берүү убадасына этият мамиле кылгандарын айтты.

АКШнын демилгесине этият карайбыз

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШнын жикчил террор уюму ПККнын 3 корбашчы туурасында маалымат бергендерге сыйлык берүү убадасына этият мамиле кылгандарын айтты.

Ибрахим Калын, АКШнын террор корбашчылары Мурат Карайылан, Жемил Байык жана Дуран Калкандын өздүгүн же жеринин кайда экенин мүмкүн кыла турган маалыматтарга карата акчалай сыйлык бериле турганын жарыялоосуна баа берди.

Ибрахим Калын: « (Сыйлык жарыялоосун) этият карайбыз. Пайдасыз эмес, кеч калынган нерсе»,-деди.

Калын: «ЙПГны, ПЙДны, ПККдан бөлүп карайбыз дешет. Муну менен алдай алышпайт. Булардын органикалык байланышынын инструменттик байланыш болбогонун көп жолу түшүндүрдүк. Абдан кеч калынган иш-аракет. Муну кылышсын оң кабыл алабыз, бирок чоң картинанын ичинде бул (Сириядагы) ЙПГга аскердик чабуулга тоскоол болуу үчүн жасалган нерсе болсо, 3 күндөн кийин чындык белгилүү болот»,-деди.

Ибрахим Калын, АКШ менен Сириянын Манбиж аймагына карай жетишилген жол картасынын бардык жактары менен пландалганы түрүндө ишке ашырылышы темасында Түркиянын чечкиндүүлүгүн да баса белгиледи.

Жол картасы аймактын ПКК/ПЙД/ЙПГ элементтеринен тазаланып чыныгы  ээлерине тапшырылышын көздөйт.

АКШнын Европа жана Евразия иштери боюнча жооптуу кеңешчи орун басары Метью Пальмер, АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын «Rewards for Justice» (Адилеттүүлүк үчүн сыйлык) программасынын алкагында Мурат Карайылан үчүн 5 миллион доллар, Жемил Байык үчүн 4 миллион доллар жана Дуран Калкан үчүн 3 миллион доллар сыйлык бере турганын жарыялаган.

АКШнын мамлекеттик катчылыгынын жикчил террор уюму ПККны 1997-жылы чет элдик террор уюму катары кабыл алганын эске салган Пальмер, өкмөттүн да 2001-жылы ПККны «глобалдык террор элементтери» тизмесине киргизгенин белгилеген.


Этикеткалар: ПКК , АКШнын

Тектеш кабарлар