Стамбул аэропорту биринчи каттам үчүн даярданууда

Стамбул аэропорту эртеңден баштап түрк аба жолдорунун тарифтүү каттамдарын аткарат.

1078182
Стамбул аэропорту биринчи каттам үчүн даярданууда

«Дүйнөнүн жаңы кесилиши» Стамбул аэропорту эртеңки биринчи каттам үчүн даярданып жатат.

Кечээ президент Р. Т. Эрдогандын катышуусу менен ачылган жана биринчи этабы кызматка ачылган Стамбул аэропорту эртеңден баштап түрк аба жолдорунун тарифтүү каттамдарын аткарат.

Стамбул аэропорунан биринчи каттам эртең Түркия убактысы менен саат 11:00дө борбор шаар Анкарага аткарылат.

Жылдык 90 миллион жүргүнчү көлөмдүү аэропорттун биринчи этабында 1, 4 миллион метр квадраттык негизги терминал имараты, 2 учуу аянты, аба жолун текшерүү мунарасы жана колдоочу имараттар бар. 42 айда бүткөрүлгөн биринчи этапта 200 миңге жакын жумушчу иштеди.  

Жалпы 76, 5 миллион метр квадраттык аянтка курулган аэропорттун башка этаптарынын 2023 -  жылга чейин бүткөрүлөрү билдирилди.

Аэропорт бүткөрүлгөндө 6 көз карандысыз учуу аянты, 500 учак көлөмү, 70 миң унаалык ачык жана жабык авто паркы менен жылдык 200 миллион жүргүнчү көлөмүндөгү дүйнөнүн эң чоң аэропорту болот.



Тектеш кабарлар