Эрдоган жоголгон журналист туурасында шейшемби күнү кеңири маалымат берет

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Стамбулдагы Үскүдар-Чекмекөй-Санжактепе метро багытынын экиничи этабынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Эрдоган жоголгон журналист туурасында шейшемби күнү кеңири маалымат берет

Президент Режеп Таййип Эрдоган, саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын өлтүрүлүшү тууралуу териштирүүнүн кеңирисин шейшемби күнү партиясынын фракциялык жыйынында түшүндүрө турганын айтты.

Эрдоган, Стамбулдагы Үскүдар-Чекмекөй-Санжактепе метро багытынын экиничи этабынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Түркияга багытталган кол салуулардын күчү көбөйтүлүп жатканда ыкмасы дагы өзгөргөнүн белгиледи.

Эрдоган: «Жемал Кашыкчы темасында чечкиндүүбүз ачыкка чыгарабыз дедик. Бул тема тууралуу ачыктоолорумду шейшемби күнү фракциялык жыйналышта жасаймын. Бул жерде адилеттик издеп жатабыз. Бул бардык жагынан ачыкка чыгарылат. Жөн эле ташталган айрым кадамдар менен эмес. 15 киши эмне үчүн келди, 18 киши эмне үчүн кармалды. Шейшемби күнү ар тараптуу түшүндүрөм. Кеңири түшүндүрөм»,-деп айтты.шемби күнү


Этикеткалар: Жемал Кашыкчы , Эрдоган

Тектеш кабарлар