Молдовада Эрдоганга «Республика» наамы ыйгарылды

Молдованын Президентинин жарлыгы менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын өнүгүүсүнө атайын кошкон салымдарынан улам «Республика» наамы берилди.

Молдовада Эрдоганга «Республика» наамы ыйгарылды

Расмий сапар менен Молдовага барган президент Режеп Таййип Эрдоганга «Республика» наамы ыйгарылды.

Молдованын президенти Игорь Додон, Түркия менен өлкөсүнүн ортосундагы достук карым-катнаштары менен ар түрдүү тармактарда кызматташтыктын өнүктүрүлүшү жана ошол эле учурда өлкөсүнө көрсөткөн колдоодон улам президент Эрдоганга «Республика» наамы ыйгарылды.

Молдованын Президенттик кеңсесинин жарыясында, «Молдованын Президентинин жарлыгы менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын өнүгүүсүнө атайын кошкон салымдарынан улам «Республика» наамы берилди»,делди.

Анда, «Республика» наамынын өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелеринин өнүктүрүлүшүн жана элдердин бири-бирине жакындашууларын камсыздаган өлкөлөрдүн лидерлерине, министрлерине жана элчилерине берилген наам экени маалымдалды.

Алтын капталган металл орден, Министрлер кеңешинин токтому жана президенттин демилгеси менен берилет.

Эки лидердин карамагында андан соң Түркия жана Молдованын ортосунда 5 тармакта келишимге кол коюлду.

Келишимдердин арасында эки өлкөнүн атуулдарынын эки жактуу түрдө паспорттун ордуна күбөлүк менен саякат кылуулары да орун алган.

Эрдоган жана Додон андан кийин рестоврациясы Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) тарабынан жасалган эстелик ташынын ачылышын жасады.

Президенттиктин бакчасында орун алган эстелик ташынын бетинде «Молдова Республикасынын Президенттик имараты Түркия Республикасынын Президенти урматтуу Режеп Таййип Эрдогандын эгедерлигинде Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгынын (ТИКА)  колдоосу менен жаңыланды» деген сүйлөм жазылган.

Эки президент андан соң Президенттик бакчасына өздөрүнүн атынан тигилген чынар жана кызыл эмендин көчөттөрүнө топрак салып, жан суусун куйду.



Тектеш кабарлар