Стамбулдагы Сауд Аравиянын башкы консулдугунда изилдөө иштери аяктады

Изилдөө иштери 9 саатка созулду.

Стамбулдагы Сауд Аравиянын башкы консулдугунда изилдөө иштери аяктады

Саудиялык журналист Жемал Кашыкчы 2 - октябрда Сауд Аравиянын Стамбулдагы башкы консулдугуна   киргенден бери кабар алына албашы менен  орток иш алып баруу группасы түзүлдү.  Түрк полициялары менен окуя болгон жерди иликтөө топтору консулдуктагы изилдөө иштерин аяктады. Полиция жана изилдөө топтору 9 саатка созулган иликтөөлөрүнөн кийин имараттан чыкты. Группадагы түрк жана саудиялык жетекчилер иштерин улантууда. Башкы консулдукка кечээ биринчи болуп жарандык номердеги унаалар менен саудиялык жетекчилер келишти. Бир канча убакыттан кийин орток иш алып баруу группасындагы түрк жетекчилер да имаратка кирди.

Стамбул республикалык башкы прокурорлугу да жоголгон журналисттин акыбетине байланыштуу териштирүү баштаткан.



Тектеш кабарлар