Эрдоган АКШны убадасын орундатууга чакырды

Эрдоган жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуттук Улуу Жыйынындагы (ТУУЖ) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Эрдоган АКШны убадасын орундатууга чакырды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын Сириянын түндүгүндө керектүү кадамдарды таштабаган учурунда Түркиянын жикчил террор уюму ПКК/ЙПГга каршы тийиштүү чараларды көрө турганын айты.

Эрдоган жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуттук Улуу Жыйынындагы (ТУУЖ) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Эрдоган, АКШны Сириянын Манбиж аймагына жайгаштырган жикчил террор уюму ПККнын уландысы ПЙД-ЙПГга мүчө террористтерди бул жерден чыгаруу темасында берген убадаларына турууга чакырды.

Түркия менен АКШнын ортосундагы 4-июнда жетишилген меморандумду эске салган Эрдоган: «Манбижде календар 90 күн болчу. Тилекке каршы иштеген жок. Иштебесе биз дагы ал жерде өз ишибизди өзүбүз кылабыз. Евфрат дарыясынын чыгышында керектүү кадамдар ташталат. Бул ЙПГ/ПЙД, тагыраак айтканда ПККга каршы жасала турчу нерселерди эң жогорку деңгээлде жасайбыз. Булардын бардыгы бир гана өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн эмес. Ал өлкөдө жашаган карапайым адамдардын дагы тынчтыгы үчүн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар