Жемал Кашыкчы тууралуу иш алып баруу группасы түзүлөт

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Жемал Кашыкчы окуясынын ачыкка чыгарылышы үчүн бирдикте иш алып баруу группасынын түзүлүшүнө  чечим чыгарылгандыгын айтты.

1067386
Жемал Кашыкчы тууралуу иш алып баруу группасы түзүлөт

 Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Сауд Арвиянын сунушу менен Жемал Кашыкчы окуясынын ачыкка чыгарылышы үчүн бирдикте иш алып баруу группасынын түзүлүшүнө  чечим чыгарылгандыгын айтты.

Ибрахим Калын 2 -  октябрда Сауд Араиянын Стамбулдагы башкы консулдугуна киргенден кийин кабар алына албаган Американын «Вашингтон Пост» гезитинин жазуучуусу Жемал Кашыкчы тууралуу маалымат берди.

Ибрахим Калын маалыматында : «Түркия жана Сауд Аравиянын ортосундагы кызматташуунун негизинде жана Сауд Аравиянын сунушу менен саудиялык журналист Жемал Кашыкчы окуясынын бардык тарабы менен ачыкталышы максатында бирдикте иш алып баруу группасынын түзүлүшүнө чечим чыгарылды»,- деди.

Сауд башкаруусу андан мурда да Стамбулдагы башкы консулдуктарында изилдөөнүн жүргүзүлүшүнө уруксат берген. Саудиялык реформисттер үчүн маанилүү бир платформа болгон «Ал Ватан» гезитине чоң салым кошкон жана Жакынкы Чыгыштын белдүү журналисттеринин бири катары Американын «Вашингтон Пост»  гезитинин да жазуучусу болгон Жемал Кашыкчы 2 -  октябрда Сауд Аравиянын Стамбулдагы башкы консулдугуна барган бойдон жоголгон.

Сауд Аравия Королдугунун Стамбулдагы башкы консулдугу тарабынан социалдык бөлүшүү сайты твиттерде 4 -  октябрда жарыяланган маалыматта Кашыкчынын жердештери башкы консулдуктан чыккандан кийин жоголгондугун билдиришкен.

Стамбул республикалык прокуратурасы Кашыкчынын акыбетине байланыштуу териштирүү баштаган.



Тектеш кабарлар