ТККнын Идлибге барганына 1 жыл болду

Учурда ТККнын аймакта 12 байкоочу пункту бар.

ТККнын Идлибге барганына 1 жыл болду

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Идлиб облусуна өтүп ок атышпоону байкоочу пункттарды кура баштагандан бери бир жыл өттү.

Казакстандын борбор шаары Астанада кепил өлкөлөр Түркия, Орусия жана Ирандын арасында камсыздалган келишимдин алкагында, Түрк куралдуу күчтөрү 2017-жылдын 12-октябрында «Идлиб чыңалуусун азайтуу аймагы» чек араларынын алкагында ок атышпоо режимин байкоо үчүн аймакка өтүп байкоочу жерлерди кура баштады.

Учурда ТККнын аймакта 12 байкоочу пункту бар.

Байкоочу пункттарынын курулусу менен бирге Башар Асад режиминин аймакка кол салуулары токтоо чегине жетип, эл чоң өлчөмдө коопсуз жашоосун улантууда.

Кол салуулардын жана жаран калкты коркутуулардын салыштырмалуу жоюлушунан кийин тынчтана түшкөн жарандар, байкоочу пунктарга жакын жердеги үйлөрүнө кайтууда.

Аймак калкына үмүт жараткан ТКК бөлүктөрү, аймакта жашоонун нормага айланышы, тынчтык жана ыраттуулук чөйрөсүнүн түзүлүшү үчүн чечүүчү роль ойноодо.

ТКК, Идлибдин түндүгүнөн башталган, Сириянын территориясына жаа чийип Идлибдин түндүк батыш жагында аяктаган ок атышпоону байкоо багытын курду.



Тектеш кабарлар