Тышкы иштер министринин Ирактагы жолугушуулары

Тышкы иштер министри Нежефте Азырети Алинин күмбөзүн да зыярат кылат.

çavuşoğlu 2.jpg

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Иракка барды. Мевлют Чавушоглу Ирак парламентинин спикери Мухаммел ел – Халбуси менен жолугушту.

Ирак парламенттик имаратындагы жолугушууда министр Чавушоглу Халбусиге президент Р. Т. Эрдоган жана түрк калкынын саламын айтты.

Эрдогандын кечээ Стамбулда Халбусини кабыл алгандыгын эске салган Чавушоглу Эрдоган  - Халбуси жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы суу маселесинин да каралгандыгын белгиледи.

Чавушоглу : «Ирак түркмөн фронтунун төрагасы Эршет Салихи жана делегациясынын Анкара сапарында суу маселесин сүйлөшкөнбүз. Халбуси жана түркмөндөр суу маселесине токтолуп, сууну өздөрү жашаган аймактар үчүн эмес башка аймактар үчүн суранышты. Бул да бизди кубантты. Бул чакырууларды жоопсуз калтыра албас элек. Президентибиз маселе тууралуу бизге жолдомо берди. Коопсуздуктан экономикага чейин Ирак калкынын жанындабыз»,- деди.

Чавушоглу сапарынын негизги максатын : «Ирактын биримдигинин сакталышына колдоо көрсөтүү»,- деп билдирди. Чавушоглу : «Буйруса Иракта баарына ачык өкмөт курулат. Ирак парламентинин өлкөнүн келечеги тууралуу маанилүү роль ойной тургандыгын ойлоп жатабыз»,- деди.

Халбуси да министр Чавушоглунун сапарынын эки тараптуу карым – катнаштардын дагы да өнүгүшүнө салым кошорун белгиледи. Парламенттин спикери Халбуси ДЕАШ террордук уюмдун кол салууларында өлкөсүнүн зыян тарткандыгын эске салып, Ирактын базиси жана кайрадан курулушу үчүн Түркиядан жардам сурады.

Чавушоглу парламентте өзгөчө Ирак Түркмөн Фронтунун лидери Эршет Салихи, түркмөн депутаты жана саясатчылар менен жолугушту.

Чавушоглу расмий жолугушууларында өкмөт куруу менен милдеттендирилген Адил Абдулмехди  жана Улуттук Хикмет агымынын лидери Аммар ел  - Хеким менен жолугушту.

Тышкы иштер министри Чавушоглунун президент Берхем Салих, премьер  - министр Хайдар ел  - Ибади, парламенттин спикери Мухаммед ел  - Халбуси, Бедир уюмунун лидери Хади  ел  - Амири, ирактык башка жетекчилер жана түркмөн коомунун өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Чавушоглунун Багдаттагы жолугушууларынан кийин Нежефке барып, Садр кыймылынын лидери Муктеда ес  - Садр менен да жолугушуусу күтүлүүдө.

Тышкы иштер министри Нежефте Азырети Алинин күмбөзүн да зыярат кылат.

 

 



Тектеш кабарлар