Түркия менен Кувейттин ортосунда аскердик кызматташуу

Кувейтте 9 – 10 -  октябрь күндөрү Түркия  - Кувейт аскердик кызматташуу комитетинин жыйындары өткөрүлдү.

Түркия менен Кувейттин ортосунда аскердик кызматташуу

Түркия жана Кувейттин ортосундагы аскердик кызматташууну күчтөндүрүү максатында 2019 -  жыл үчүн биргелешкен коргонуу кызматташуу планына кол коюлду.

Кувейт маалымат агенттиги КУНАнын берген кабарына караганда Кувейт менен Түркиянын ортосунда тажрыйба бөлүшүү жана аракеттердин бириктирилиши максатында биргелешкен аскердик координациянын уландысы катары кызматташуу келишимине кол коюлду.

Кабарда келишимге эки өлкөнүн аскердик жетекчилери тарабынан кол коюлгандыгы белгиленди.

Кувейтте 9 – 10 -  октябрь күндөрү Түркия  - Кувейт аскердик кызматташуу комитетинин жыйындары өткөрүлдү.



Тектеш кабарлар