Муш облусунда террористтер менен кагылышуу чыкты

Чыккан кагылышууда беш террорист жок кылынды.

Муш облусунда террористтер менен кагылышуу чыкты

Муш облусунун Варто районунда ПКК террористтери менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда чыккан кагылышууда беш террорист жок кылынды.

Губернотордун берген маалыматында облустук жандармерия командирилигине караштуу топтор тарабынан жүргүзүлгөн операцияда Варто районунун Йыланлы айылында террористтердин бар экендиги тууралуу маалыматтын келиши менен аймакка коопсуздук топтордун жиберилгендиги билдирилди. Маалыматта айыл жолунда «токто» буйругуна баш ийбеген шектүү унаадан коопсуздук күчтөрүнө ок атылышы менен кагылышуу чыккандыгы билдирилди. Кагылышууда беш террорист каза болду. Алардын ичинен экөөсү аял, үчөөсү эркек.

Маалыматта элдин тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн жалпы облуста террор менен күрөштүн чечкиндүүлүк менен улантылары баса белгиленди.

 



Тектеш кабарлар