Түркиянын жардамдары Индонезияга жеткирилди

С  - 130 моделиндеги эки аскердик учак Палу шаарындагы Мутиара SIS Al-Jufrie аэропортуна конду.

Түркиянын жардамдары Индонезияга жеткирилди

Индонезиянын Сулавеси аралында болгон жер көчкү жана андан кийин болгон цунами апаатынан таасирленген жабыркоочуларга таркатуу үчүн чатыр жана башка жардамдарды ташыган жана Түркиядан учкан учак аймакка барды.

Түркиянын Индонезияда  болгон апааттан кийин даярдаган жардам материалдарын ташыган түрк аба күчтөрүнө таандык С  - 130 моделиндеги эки аскердик учак Палу шаарындагы Мутиара SIS Al-Jufrie аэропортуна конду.

Түркиядан жиберилген жардамдар менен 250 чатыр унааларга жүктөлүп жабыркагандар жашаган аймакка алып барылды.

Материалдар менен бирге 3 түрк Кызылайы жана 2 апаат жана чукул абалды башкаруу башкармалыгынын кызматкери да аймакка барды. Түркиядан алып барылган материалдар түзүлгөн план боюнча жабыркоочуларга таркатылат.

 



Тектеш кабарлар