Эрдоган, Африка өлкөлөрүндө жергиликтүү акча менен биргелешип иш алып баруу чакырыгын салды
Эрдоган Түркия-Африка ишкердик форумуна катышты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Африка өлкөлөрүндө жергиликтүү акча менен биргелешип иш алып баруу чакырыгын салды.
Эрдоган, Стамбулда Түркия-Африка Экономика жана ишкердик форумуна катышып сөз сүйлөдү.
Сөзүндө Түркия катары Африка материги менен кызматташууга чоң маани бергендерине басым жасаган Эрдоган: «10-15-жыл мурда белгилүү аймактарда гана, белгилүү аянттарда гана көрүнгөн Түркия, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн эң жайылган 6-дипломатиялык желесине ээ болгон өлкөсүнө айланды»,-деди.
Түркия-Африка өнөктөштүк саммиттеринин үчүнчүсүн пландагандарын билдирген Эрдоган, саммиттин үчүнчүсүн 2019-жылы ошол эле Стамбулда өткөрүүнү пландагандарын айтты.
Түркиянын дүйнөнүн эң чоң дипломатиялык өкүлчүлүгүн Сомалиде ачканына басым жасаган Эрдоган: «Элчиликтерибиз менен катар ТИКА, "Юнус Эмре" институту, Маариф фонду, Анадолу агенттиги, Түрк аба жолдору сыяктуу мекемелерибиз менен материктеги салымыбызды кеңейттик»,-деди.
Эрдоган : "Көп өлкө козголоңчуларды кучагына алып жатканда Африка Биримдиги мамилесин жалаң демократия жана укукту жактоого бурду"-деп айтты.
Эрдоган , божомолдонгондун тескерисинче дүйнөдө кагылышуулардын жана көчтөрдүн жүгүн Батыш өлкөлөрү эмес аз өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр көтөргөнүн белгилеп өттү.
Бардык Африка өлкөлөрүнө кайрылган Эрдоган:"Эми бардык африкалык досторума жана туугандарыма айтамын; жергиликтүү акча, улуттук акча менен келгиле биргелешип иш алып баралы", деген чакырык салды.
Эрдоган, африкалыктардын дагы түрктөр сыяктуу эркиндиктерине кан төгүп ээ болгондорун айтты.