TRT World Forum башталды

Даярдыктары орто эсеп менен бир жылча уланган форумда быйыл 12 жабык, 10 ачык отурум өтөт.

TRT World Forum башталды
«TRT World Forum» Стамбулда башталды
«TRT World Forum» Стамбулда башталды

«TRT World Forum» Стамбулда башталды

Актуалдуу, маданий, саясий, экономикалык жана социалдык бүдөмүккө глобалдык чечүүчү жол издөө максатында жүздөгөн ой-пикир даанышмандарын чогулткан жана быйыл экинчиси уюштурулган TRT World Forum башталды.

Анадолу агенттиги (АА) глобалдык коомуникация өнөктөшү болгон «Талкаланган дүйнөдө тынчтык жана коопсуздукту кайрадан ойлонуу» темасы менен өткөрүлгөн TRT World Forum Стамбулда башталды.

Даярдыктары орто эсеп менен бир жылча уланган форумда быйыл 12 жабык, 10 ачык отурум өтөт.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө эң маанилүү глобалдык маселелерге токтолгон TRT World Forum дүйнөнүн төрт тарабынан жергиликтүү жана чет элдик 600дөн ашуун саясатчы, ишкер, академик, активист, журналист сыяктуу бир топ ой-пикир даанышманын Стамбулда чогултууда.

Аймактын эң таасирдүү жана мартабалуу иш-чараларынан бири  деп кабыл алныган TRT World Forumдун ачылыш сөзүн Түркия Улуттук Улуу Жыйындын (ТУУЖ) төрагасы Бинали Йылдырым менен Түркия радио-телеберүү мекемесинин башкы директору Ибрахим Эрен сүйлөйт.

Ачылыштан кийин «Дүйнөдө тартип барбы? Жокпу?», «Биринчи дүйнөлүк согуштан бери өткөн жүз жыл», «ЕБ жана маселелери», «Глобалдык Түштүктүн жогорулашы жана кагылышуу дүйнөсүндө аялдардын лидерлиги» аттуу төрт отурум ишке ашат.



Тектеш кабарлар