Түркиянын келечеги абдан кең

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка фирмаларынын Түркиядагы өкүлдөрүн кабыл алды.

Түркиянын келечеги абдан кең

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «АКШ менен болгон стратегиялык кызматташтыгыбыздын бардык олку-солкулуктарга карабастан инвестиция жана соода аркылуу дагы да күчтөнө турганына ишенүүдөмүн»,-деди.

Эрдоган, Америка фирмаларынын Түркиядагы өкүлдөрүн кабыл алды.

2 саат 40 мүнөткө созулган кабыл алууга өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, соода министри Рухсар Пекжан менен Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчи орун басары Лүтфү Варанк да катышты.

Жыйналыштын бири-бирилерин дагы жакшы түшүнүүлөрүнө жана бири-бирилеринин көз караштарын дагы жакындан түшүнүүгө мүмкүнчүлүк бере турганын белгилеген Эрдоган: «Америка менен болгон стратегиялык кызматташтыгыбыздын бардык олку-солкулуктарга карабастан инвестиция жана соода аркылуу дагы да күчтөнө турганына ишенүүдөмүн»,-деп айтты.

Бийликте турган убагында орто эсеп менен 16 жыл бою тийиштүү бардык үлүштөштөр менен кеңешүүгө чоң маани бергендерине басым жасаган Эрдоган: «Каалгабыз сизге ар дайым ачык болот. Өзүм, министр жолдошторум, кеңешчилерим, жана башкалар кепилбиз. Сиздер Түркиянын аймагындагы ондогон ыраатсыздыктарга, кагылышууларга жана кыйынчылыктарга карабастан эмнелерди ишке ашырганын абдан жакшы билесиздер. Учурда бетме-бет келген кыйынчылыктар дагы биз үчүн эч качан ашылып өтүлбөй турган нерсе эмес. Көрөсүздөр, Түркиянын келечеги абдан кең жана гүлдөгөн  болот»,-деди.



Тектеш кабарлар