Вашингтон үчүн чечим чыгаруунун убагы келди

Мевлүт Чавушоглунун «Нью-Йорк Таймс» гезитинин редакторуна кайрылып «Сирияда көрүнүп турган апаат» темасы менен жазган ачык каты жарыяланды.

1049528
Вашингтон үчүн чечим чыгаруунун убагы келди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын Сирияда Түркиянын чек арасынын бир канча чакырым ары жагында кыймылын жүргүзүүсүнүн жактала турган эч кандай тарабы жок экенин белгилеп: «Вашингтон үчүн аймакта чыныгы шериктешинин ким экени тууралуу чечим чыгаруунун убагы»,-деп айтты.

Мевлүт Чавушоглунун «Нью-Йорк Таймс» гезитинин редакторуна кайрылып «Сирияда көрүнүп турган апаат» темасы менен жазган ачык каты жарыяланды.

Минисрр Чавушоглу, «Нью-Йорк Таймс» гезитинде 9-сентябрда чыккан «Сирияда коркунучтуу финал көрүнүүдө» аттуу маалыматтын Сирияда Башар Асад режими тарабынан оппозициячылдар күчтүү болгон акыркы аймакка кандуу операция жүргүзүлгөнүнө көңүл бурушу жагынан акылуу болгонун белгиледи.

БУУдан бир жооптуу кызматкердин бул операциянын миңдеген адамга бара турган жер калтырбай турганын жана «21-кылымдын эң чоң жан жоготуусуна алып бара турганы» божомолун кылганын эске салган Чавушоглу: «Бирок бул макала коркунучтуу башка бир абалды аттап кеткен. Асаддын кол салууну уюштуруп жаткан шериктештери АКШ тарабынан колдоого алынууда. Акыркы отчеттор Сирияда кыймылын жүргүзгөн жикчил террор уюму ЙПГнын АКШлыктар төлөгөн салыктар менен сатылып алынган курал жана жардамдарды алганын, Асад менен шериктештигин өнүктүргөнүн жана июль айында (Асад жана ЙПГ/ПКК ортосунда) түзүлгөн келишимдин бир бөлүгү катары Асаддын Идлибди оппозициячылдардан артка кайтарып алуусуна жардам бериш үчүн колдоо көрсөткөнүн ортого салууда»,-деп айтты.

«ЙПГ, Түркияда 30 жылдан ашуун убакыттан бери күч колдонууну камтыган террордук акция жүргүзгөн ПККнын Сириядагы уландысы болуп саналат»,деген Чавушоглу, Түркия, АКШ жана Европа Биримдигинин ПККны террордук уюм деп жарыялаганын эске салды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катында, «Түркиянын чек арасынын бир канча чакырым ары жагында жикчил террор уюму ЙПГ күчтөрүнүн Сирияда кыймылын жүргүзүүсүнүн жактала турган эч кандай тарабы жок. Вашингтон үчүн аймакта чыныгы шериктешинин ким экенине чечим чыгаруунун убагы келди»,-деп бүтүрдү.



Тектеш кабарлар