Ван облусунда 118 качкын кармалды

Кармалган 118 кишинин ичинен 13 бала.

Ван облусунда 118 качкын кармалды

Вандын Башкале районунда өлкөгө мыйзам тышы жолдор менен киргендиги белгиленген 118 качкын кармалды.Райондук жандармерия командирлигинин топтору күзөт учуурнда Иран чек арасындагы Эшмепынар мааласынын Сарысу деген жеринде жөө баскан гуппаны токтотту. Жүргүзүлгөн текшерүүдө Афганстандык жана Пакистандык 118 киши кармалды.. Алардын ичинен 13 бала. 

Райондук жандармерия командирлигине алып барылган жана тамак  - аш берилген качкындар Башкале мамлекеттик оорукансында текшерүүдөн өткөндөн кийин облустук миграция директорлугуна алып барылды. 

 

 



Тектеш кабарлар