Түрк экономикасы кризис эмес манипуляцияга туш болду

Эрдоган, борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Түркиянын кол өнөрчүлөр жана соодагерлер конфедерациясынын (TESK) кезектеги 20-жалпы жыйынында сөз сүйлөдү.

Түрк экономикасы кризис эмес манипуляцияга туш болду

Президент Режеп Таййип Эрдоган, түрк экономикасы туш болгон абалдын «кризис эмес манипуляция» болгонун белгилеп, валюта курсундагы олку-солкулуктарга каршы жаңы кадамдарды таштай тургандарын айтты.

Эрдоган, борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Түркиянын кол өнөрчүлөр жана соодагерлер конфедерациясынын (TESK) кезектеги 20-жалпы жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган, сөзүндө Түркиянын акыркы жылдарда көчө окуялары, төңкөрүш аракети, террордук уюмдардын чабуулдары жана экономикалык чабуулга чейин ар түрдүү кол салууга дуушар болгонун айтты.

Эрдоган: "Баштан өткөргөн ушунча жагдайларга карабастан саясий ырааттуулугубуз, экономикалык күчүбүз жана социалдык бүтүндүгүбүз зыян тарткан жок»,-деди.

Эрдоган, валюта курсундагы олку-солкулуктардан баштап экономикага терс таасир эткен бардык жагдайларды эркин базар планынын тышына чыкпастан чечүүгө аракет кылгандарын айтты.

Түрк экономикасынын кризисте эмес экенин, манипуляциянын астында экенине басым жасаган Эрдоган: «Валюта курсундагы толкундоолорго бөгөт болууга карай көп сандаган чара көрүүүнү ишке ашырдык, ишке ашыруудабыз. Ушул багытта жаңы кадамдарыбыз болот»,-деп айтты.

Жогорку пайыз инфляциянын жогорулоосуна алып барган элемент болгонуна да басым жасаган Эрдоган: «Пайыз делген бул пайдалануу куралын колдонууга эч качан арачы болбойбуз, себеп болбойбуз»,-деди.



Тектеш кабарлар