Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Анкарада

Эрдоган менен Назарбаев салтанат аянтына келгенден кийин 21 замбирек огу атылып, эки өлкөнүн гимндери аткарылды.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Анкарада

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев борбор шаар Анкарада.

Түркияга расмий сапар менен келген Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди президенттик комплексте тосуп алган атчандар  протокол каалгасына чейин коштоду.

Президент Р. Т. Эрдоган Назарбаевди президенттик комплекстин кире беришинде тосуп алды.

Эрдоган менен Назарбаев салтанат аянтына келгенден кийин 21 замбирек огу атылып, эки өлкөнүн гимндери аткарылды.

Казакстандын президенти Назарбаев аскерлерге түркчө «Мерхаба аскер» деп салам берди. Салтанатта тарыхта курулган 16 түрк мамлекетинин байрактары менен аскерлер да символдук түрдө орун алды.

Делегациялар тааныштырылгандан кийин  Эрдоган менен Назарбаев жекеме  - жеке сүйлөшүүгө өттү.

Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин отуруму жана келишимдерге кол коюу аземине катыша турган Эрдоган менен Назарбаев биргелешкен пресс  - жыйын өткөрөт.

Салтанатка тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен транспорт министри Мехмет Жахит Турхан катышты.



Тектеш кабарлар