Япониянын принцессасы Акико Микаса Стамбулда

Япониянын принцессасы Акико Микаса Түркия жана Япониянын кызматташтыгы менен курулган «Япон бакчасына» барды.

mikasa.jpg
japon prenses.jpg

Япониянын принцессасы Акико Микаса Стамбулдагы программасынын негизинде Балталиманында Түркия жана Япониянын кызматташтыгы менен курулган «Япон бакчасына» барды.

Стамбулга барган япон принцессасы Микаса эрте мененки сааттарда барган «Япон бакчасында» оболу салттык архитектурага ылайык курулган япон үйүн кыдырды.

Үйдүн курулушу тууралуу кыскача маалымат алган принцесса андан кийин коштоосундагылар менен бирге үйдүн ичин кыдырып, иликтеди.

Япониянын принцессасы андан кийин Япониянын символу болон сакура дарактары менен толгон, кичинекей шаркыратма жана көл болгон бакчада басып, сүрөткө түштү.

Принцессаны Япониянын Стамбулдагы башкы консулу Норио Ехара менен консулдук кызматкерлери да коштоду.



Тектеш кабарлар