Женева сүйлөшүүлөрү тууралуу билдирүү

Түркия Сирия үчүн Конституциялык Комитетти куруу процессинин Астана кепилдеринин ортосунда техникалык деңгээлде сүйлөшүүлөр менен улантыларын билдирди.

Женева сүйлөшүүлөрү тууралуу билдирүү

Түркия Сирия үчүн Конституциялык Комитетти куруу процессинин Астана кепилдеринин ортосунда техникалык деңгээлде сүйлөшүүлөр менен улантыларын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Астана кепилдери болгон өлкөлөр - Түркия, Орусия жана Иран делегация жетекчилеринин 10 – 11 -  сентябрь күндөрү Женевада БУУнун башкы катчысынын Сирия атайын өкүлү Стаффан де Мистура менен жолгушкандыгы белгиленди.

Маалыматта : «Жолугушууда Сирия кризисине саясий чечүүчү жолду табуу аракеттеринин негизинде маанилүү бир баскыч болгон Конститутциялык Комитеттин түзүлүшү жана улуттук эрежелер каралды. Ушунун негизинде режим жана оппозиция тарабынан сунуш кылынган тизмелерге байланыштуу принцип макулдашуусу аныкталып, түзүлө турган топтордон үчүнчүсү болгон жарандык коом группасынын түзүлүшү сүйлөшүлдү. Процесс Астана кепилдеринин арасында техникалык деңгээлде сүйлөшүүлөр менен улантылат»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар