Түркия - Казакстан инвестиция форуму

Казакстандагы түрк инвестициялары 3, 2 миллиард доллар.

Түркия  - Казакстан инвестиция форуму

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркия менен Казакстандын ортосундагы соода көлөмүн бир канча жылдын ичинде 5 миллиард долларга жана андан кийин да 10 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылышкандарын белгиледи.

Фатих Сөнмез борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Түркия  - Казакстан инвестиция форумунда : «Ушул себеп менен эң көп 7 – 8 жылдык  убакыттын ичинде  жетүү үчүн кызматташтыгыбызды дагы да алдыга жылдырууга мажбурбуз».- деди.

Акыркы мезгилде Түркия жана Казакстандын инциативасы менен ортого салынган көп тараптуу активдүү тышкы саясаттын глобалдык тынчтыктын курулушу үчүн турмуштук мааниге ээ экендигин баса белгилген Дөнмез : «Аймагыбызга тынчтыктын ээ чыгыш үчүн Астана жана Стамбулда улантылып жаткан сүйлөшүүлөр Түркия жана Казакстан ортого салган аракеттердин жыйынтыгын көрсөтүүдө. Орток тарых жана тектен келген Түркия жана Казакстандын ортосундагы карым  - катнаштар дагы да өнүктү»,- деп айтты.

Казакстандагы түрк инвестицияларынын 3, 2 миллиард доллар деңгээлине жеткендигин билдирген Дөнмез Орусия жана Кытайдан кийин Түркиянын Казакстанда эң көп чет элдик акциялуу фирмага ээ үчүнчү өлкө экендигин айтты.

Дөнмез түрк фирмаларынын өлкөдө телекоммуникациядан банктык жана финансы секторуна, энергетикадан аэропорт иштетүүгө чейин көптөгөн тармакта инвестициялардын улантылгандыгын, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин лидерлигинде Казакстандын эң чоң максаттарга карай ылдам алдыга жылгандыгын баса белгиледи.

Дөнмез Түркиянын коомдук жана менчик сектордун тажрыйбасы менен Казакстан турмушка ашырууну каалаган проектилерге керектүү бардык жардамды берүүгө даяр экендигине токтолду. Дөнмез Казакстандын Түркияда 170 миллион долларга жакын инвестициясынын бар экендигин да белгилеп : «Түркия инвесторлорго дүйнөнүн эң ылайыктуу колдоолорун сунуштаган өлкөлөрдүн башында турат. Бүгүн бул жерде Түркия жана Казакстандын ортосунда 1, 7 миллиард долларлык, 18зи соода болгон 22 келишимдин кол коюлушуна баарыбыз бирдикте күбө болобуз. Казакстандын президенти Назарбаевдин сапарында келишимдердин жаңы проекттер кошулуп жана камтыган тармактарды дагы да байытуу менен карым  - катнашыбызды кийинки келишимге алып барууну каалайбыз».- деди.



Тектеш кабарлар