Түркия БУУнун коопсуздук кеңешинде "Идлибде ок атышпоо" чакырыгын кайталады

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу, БУУнун коопсуздук кеңешинде Сириянын Идлиб аймагындагы бардык аскердик операциялардын соңуна чыгарылышы жана ок атышпоо чакырыгын салды.

Түркия БУУнун коопсуздук кеңешинде "Идлибде ок атышпоо" чакырыгын кайталады

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу, БУУнун коопсуздук кеңешинде Сириянын Идлиб аймагындагы бардык аскердик операциялардын соңуна чыгарылышы жана ок атышпоо чакырыгын салды.

Синирлиоглу, Орусиянын талабы боюнча чогулган БУУнун коопсуздук кеңешинде президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин жума күнү Тегеранда өткөргөн саммиттин жыйынтыктары темасында мүчө өлкөлөрдү маалыматтандырды.

Астана жолугушууларынын Сирияда күч колдонууну азайтуу жана саясий процессти ылдамдатыш үчүн өткөрүлүп жатканын эске салган Синирлиоглу, Тегеран саммитинде дагы Идлиб темасынын алдыңкы планга чыгарылганын белгиледи.

Президент Эрдогандын Тегеранда ок атышпоо чакырыгын таштаганын эске салган Синирлиоглу, Идлибде бардык аскердик операциялардын соңуна чыгарылышы жана ок атышпоо чакырыгын кайталады.

Синирлиоглу: «Ок атышпоо чакырыгыбыз бардык аскердик операцияларды камтыйт жана Түркия бул багытта иштерин улантат. Эл аралык коомчулукту дагы бийик үн чыгарып жана активдүү түрдө иш-аракетибизди колдоого чакырабыз»,-деди.

Феридун Синирлиоглу: «Идлибде аскердик операциялар эч шексиз адамзат апаатына алып барат, качкындардын агымы башталат, Түркия жана Европа менен андан ары жагында коопсуздук коркунучтарын жаратат»,-деп эскертти.

Түркиянын 3,5 миллион баш калкалоочуну багып жаткан дүйнөдөгү жалгыз өлкө болгонун эске салган Синирлиоглу: «Бирок муну менен да беттешлик; бир топ мурда баш калкалоочуну багуу чегибизге жеттик»,-деп айтты.

Идлибде миллиондогон бейкүнөө адамдардын өмүрүн коркунучка салууга уруксат берилбеши керектигин баса белгилеген Синирлиоглу: «Бул эл аралык коомчулуктун орток милдети. Бүгүнкү күндө Идлибде бизди санааркоо менен байкап жаткандар террорист эмес, 3,5 миллион жаран калк жана мунун 1 миллиону балдардан турат. Алардын өмүрүнө балта чаба албайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар