Соода министри Рухсар Пекжан Лондондо

Соода министри Рухсар Пекжан Түркиянын Лондондогу элчилигинин турак жайында Британиянын негизги аял демилгечилери менен жолугушту.

Соода министри Рухсар Пекжан Лондондо

Соода министри Рухсар Пекжан Түркия  - Британия экономикалык жана соода өнөктөштүк комитетинин жыйынына катышуу үчүн кечээ Британияга барды жана түрдүү жолугушууларды өткөрдү.

Пекжан Британиянын борбор шаары Лондондо эки күнгө созула турган жолугушууларынын биринчи күнүндө Түркиянын Лондондогу элчилигинин турак жайында Британиянын негизги аял демилгечилери менен жолугушту.

Жыйында Түркия менен Британиянын ортосундагы экономикалык жана соода карым  - катнаштарды дагы жогорку деңгээлге чыгарууну каалашкандарын белгилеген Пекжан экономикалык тармакта аял демилгечилердин негизги күч экендигин баса белгиледи.

Коомдун жана өлкөнүн бейкуттугу үчүн аял демилгечилердин иш дүйнөсүндө дагы көп орун алышы, өз иштерин куруунун маанилүү экендигин айткан Пекжан Түркияда демилгечилерге берилген колдоолор тууралуу маалымат берди.

Ой мекемеси Houseнин жогорку башкаруучусу Робин Ниблетт менен жолугушкан министр Пекжан андан кийин ой мекемесиндеги пикир башчылры менен да жолугушту.

Британиянын соода саясаты министри Жорж Холлингбери менен да жолугуша турган Пекжан бүгүн JETCO 6 -  мезгилдик жыйынына катышат.

Жыйында эки өлкөнүн ортосунда соода жана инвестиция карым  - катнаштары, базарга кирүү мүмкүнчүлүктөрү, курулуш иштери жана техникалык кеңешүү кызматтары, финансылык кызматтар сыяктуу көп түрдүү темалар каралат.

Жыйындын акырында 6 -  мезгилдик Түркия  - Британия JETCO макулдашуу келишиминин министр Пекжан менен Британия Эл аралык соода министри Лиам Фокс тарабынан кол коюлушу күтүлүүдө. Лондондогу жолугушууларынын негизинде Пекжан өзгөчө соода министрлигинин координациясы жана тышкы экономикалык карым  - катнаштар кеңеши менен Британия эл аралык соода министрлигинин жетекчилигинде өткөрүлө турган «Түркия  - Британия иш форумунун» ачылышына да катышат. Пекжан Лондондогу түрк соода борборунун ачылышын да аткарат.



Тектеш кабарлар