Идлибдеги кыргынга үн катпай калуунун бедели оор болот

Идлибге карай кол салуу кыйырда көрүнүп турганда, эл аралык коомчулук жоопкерчилигин билиши керек.

Идлибдеги кыргынга үн катпай калуунун бедели оор болот

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирия режиминин Идлибге карай кол салуусунун Түркия, Европанын калганы жана ары жагында олуттуу адамзат жана коопсуздук коркунучтарын жарата турганын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Американын «Wall Street Journal» (WSJ) гезити үчүн жазган макаласында, «Идлибге карай кол салуу кыйырда көрүнүп турганда, эл аралык коомчулук жоопкерчилигин билиши керек. Үн катпай калуунун бедели оор болот. Сирия калкын Башар Асаддын колуна таштап кое албайбыз»,-деп айтты.

Президент  Эрдоган, Идлиб шаарындагы акыркы абалдарды жана Түркиянын позициясын жазган «Дүйнө жүзү Асадды токтотушу керек» аттуу макаласында абалды талдап берди.

Түркиянын Идлиб темасында колунан келгенди ашыгы менен жасаганын белгилеген Эрдоган, Башар Асад режиминин Сирияда акыркы 7 жылда кыймылдарынын ортодо экенин белгиледи.

Асад режиминин Идлибге карай жакындаган кол салуусуна көңүл бурган Эрдоган: «Режимдин Идлибге карай кол салуу максаты, чыныгы жана таасирдүү террор менен күрөшүү акциясы эмес, эч кимди ылгабастан оппозицияны жок кылуу болуп саналат»,деп жазды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, макаласында бул маалыматтарга орун берди: «Идлиб, көпүрөдөн кийинки акыркы чыга турган жер. Эгерде Европа жана АКШ эми кыймылга өтө албаса, анда бир гана карапайым сириялыктар эмес, бүткүл дүйнө беделин оор көтөрөт. Түркия жанында болуп жаткан кыргынды токтотуш үчүн болгон күчүн жумшап, колунан келгенин кылды».

Түркиянын 3,5 миллиондон ашуун сириялыкка баш калкалатып, чоң кайрымдуулук кылганына токтолгон Эрдоган: «Ошол эле убакта дароо жаныбызда кыймылын кылган террордук уюмдардын бутасы да болдук; жалган Ислам мамлекети уюуму (ДЕАШ) жана жикчил террор уюму ПКК. Гуманитардык жардамдардын оор чыгымы жана коопсуздук санааркоолору чечкиндүүлүгүбүздөн тайсалдата алган жок»,деген серебин салды.

Идлиб темасында АКШга үн каткан президент Эрдоган, Москва жана Тегеранга да чакырык таштады. Эрдоган мындай улантты: «Химиялык кол салуулар менен алектенген АКШнын өлүмдөрдүн арасындагы иерархияны каалашынча байкап турууну четке кагышы керек. Кадимки куралдар дагы көп адамды өлүмгө учуратууда, бирок жаныбыздагы кыргынды токтотуу жоопкерчилиги бир гана Батыштын милдети эмес. Астана процессиндеги өнөктөштөрүбүз Орусия жана Иран дагы бул адамзат апаатын токтотууга ошондой эле милдеттүү».

Эрдоган макаласына буларды кошту:

«Асад режими өзүнүн кол салууларын террор менен күрөшүү платформасында мыйзамдаштырууга аракет кылууда. Бул темада жаңылыштык кылбагыла; террор менен күрөшүүдө эч бир өлкө Түркиядан дагы көп мактоого арзыбайт. Башар Асаддын чечими болсо жаңылыш. Карапайым адамдар террор менен күрөшүү деген ат менен садага чабылууда. Бул болсо радикализмге жана терроризмге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. ДЕАШтын пайда болушу Сирияда болуп жаткандардын натыйжасы болчу, себеби эмес».

Идлибде Хейет Тахрир эш-Шам сыяктуу террордук уюмдар активдүү болгон жерлер бар экенин, бирок бул элементтердин аймак калкынын бир бөлүмүн түзгөнүнө көңүл бурган Эрдоган, террор менен күрөш жүргүзүлүп жатканда жарандардын зыянга учурабоосу камсыздала ала турганын, Түркиянын ДЕАШ жана ПКК менен күрөшүүсүндө мунун үлгүлөрүнүн көрсөтүлгөнүн белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар