Чавушоглу Идлиб маселеси боюнча чакырык салды

Чавушоглу, Румыниянын тышкы иштер министри Теодор Мелесканы жана Польшанын тышкы иштер министри Яцек Чапутович менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Чавушоглу Идлиб маселеси боюнча чакырык салды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Сириядагы абалдын ар кимди кызыктырганына көңүл буруп бул темада бирдей пикирде болгон өлкөлөр менен иштешип жаткандарын айтты.

Румыниянын борбор шаары Бухарестте өткөн Түркия-Румыния-Польшанын тышкы иштер министрлеринин жыйналышынан кийин Чавушоглу, Румыниянын тышкы иштер министри Теодор Мелесканы жана Польшанын тышкы иштер министри Яцек Чапутович менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Идлибге Асад режими менен катар Орусиянын да кол салууларынын уланганын белгилеген Чавушоглу: «Сунушубуз ачык. Идлибдеги кол салуулар токтосун. Террордук топторду жок кылыш үчүн биргелешип иштешели»,-деди.

Чавушоглу: « Сирияда эң жакшы чечүүчү жол болгон «саясий чечим табууга» жетүү үчүн олуттуу жылыш жасай албасак да режим жана анын колдоочулары аскердик чечим табууга ишенет. Канчалык Астана жана Сочиде олуттуу аракет кылсак да, Тегеранда кыргынга бөгөт болуу үчүн арачы болсок да асад режиминин кол салуулары тыйылбай жатат»,-деп айтты.

«Эмне үчүн мынчалык көп жаранды, миңдеген аялды жана баланы өлтүрүш керек?»-деп айткан Чавушоглу, бул темада кандайдыр бир кадам ташталышы керектигин баса белгиледи.

Чавушоглу, Орусия, Иран, АКШ, Франция жана Англия менен катар Сирияда бардык өнөктөштөрү менен иштөөгө даяр экендиктерин баса белгилеп, Түркия катары Сириядагы абалдын соңуна чыгарылышы жана тынчтыкчыл чечүүчү жол табуунун табылышы үчүн Орусия жана Ирандан баштап ар ким менен эки тараптуу жана үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөрүн айтты.

Сириянын жеринин бүтүндүгүн колдогондоруна көңүл бурган Чавушоглу: «Бирок карапайым адамдарды, аялдарды жана балдарды өлтүрүү Сириянын жеринин бүтүндүгүн камсыздоонун ыкмасы эмес»,-деди.

Чавушоглу: «Ар кимге Сирияда режимдин кол салуучулугуна каршы үндөрүн бийик көтөрүүгө жана тынчтыкчыл чечүүчү жол табууга чакырамын»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар