Түркия Сириянын Идлиб жана Латакия облустарынын элет жерлерине жардам жеткирүүдө

Түрк Кызылайынын чек ара жардам операцияларын башкаруучусу Хакан Сары, жарандык согуш башталган 2011-жылдан бери сириялык муктаждарды коргоого аракет кылгандарын айтты.

Түркия Сириянын Идлиб жана Латакия облустарынын элет жерлерине жардам жеткирүүдө

Түркия, акыркы бир айда Сириянын Идлиб жана Латакиядагы элет жерлерине 145 унаалык кургак азык-түлүк, нан, дары-дармек жана кийим жеткирди.

Түрк Кызылайынын чек ара жардам операцияларын башкаруучусу Хакан Сары, жарандык согуш башталган 2011-жылдан бери сириялык муктаждарды коргоого аракет кылгандарын айтты.

Ушул алкакта Идлиб жана Латакиянын элет жерлерине гуманитардык жардам иш-аракеттерин уланткандарын белгилеген Сары: «Мекемебиз жана ар кайсы кайрымдуулардын салымдары менен көбү Идлибдин элет жери жана Латакиянын элет жериндеги Түркмөндагы жана Жебел Экрад аймагына 30 күндө бардыгы 145 фура жана жүк ташуучу унаалар менен гумантардык жардам жөнөтүлдү. Анын ичинде 960 миң нан, 150 тонна кургак азык-түлүк, 28 тонна суу, 145 миң даана кийим, 305 миң даана дары-дармек жана медициналык материалдар, 900 тонна ун, 2400 даана мектеп окуу материалдары жана 1800 тазалык пакетинен турган жардамдар аймактагы муктаж ээлерине жеткирилди»,-деди.

Хакан  Сары, аймактагы муктаждарга карата гуманитардык жардамдарды уланта тургандарын кошумчалады.



Тектеш кабарлар