Япониянын принцессасы Аныткабирди зыярат кылды

Түркияга келген Япониянын принцессасы Акико Микасаномия республикасынын куруучусу Ататүрктүн сөөгү коюлган Аныткабирди зыярат кылды.

Япониянын принцессасы Аныткабирди зыярат кылды

 Түркияга келген Япониянын принцессасы Акико Микасаномия борбор шаар Анкарадагы жолугушууларынын негизинде республикасынын куруучусу Ататүрктүн сөөгү коюлган Аныткабирди зыярат кылды.

Ататүрктүн мавзолейине гүл чамбар коюп эскерген принцесса Акико Аныткабирдин атайын дептерине кол жазмасын калтырды.

Принцесса Акико бул жерде Түрк  - Япон маданий борборуна барды. Микасаномия атасы принц Такахитонун фонддун короосуна 1993 -  жылы отургузган дарактын жанындагы аянтка Түрк  - Япон фондунун маданий борборунун 20 жылдыгына арнап эстелик дарак отургузду.

«Принц Микаса фондунун» Сабанжы университетинин Сакып Сабанжы музейинде өткөрө турган иш чарага катышуу үчүн Түркияга келген принцесса Түрк  - Япон фондунун башкаруу кеңеши жана студенттери менен да жолугушту.

Вакыфтагы жолугушуусунан кийин Кыршехирге барган принцесса Акико Микасаномия Каман Калехөйүктөгү Япон  - Анадолу археологиялык институту, Япон бакчасы жана Калехөйүк археологиялык музейинде иликтөө жүргүзөт.

Түркияга кечээ келген принцесса Акикону президент Р. Т. Эрдоган  Стамбулдагы Йылдыз сарайынын Мабейн сарайында кабыл алды.

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Бинали Йылдырым менен да жолугуша турган япон принцессасынын Түркия сапары 14 -  сентябрга чейин улантылат.



Тектеш кабарлар