Япониянын принцессасы Түркияга келет

Принцесса Акикл Мисака Анкара, Кыршехир жана Стамбулду кыдырат.

1045491
Япониянын принцессасы Түркияга келет

Япониянын принцессасы Акико Микаса 9 – 14 -  сентябрь күндөрү Түркияга келип Анкара, Кыршехир жана Стамбулда болот.

Япониянын Анкара элчилигинен алынган маалыматка караганда Япония императорлук үй  - бүлөсүнүн принцессасы Акико Микаса 9 – 14 -  сентябрда Анкара, Кыршехир жана Стамбулду кыдырат.

Принцесса Акико Принц Микаса фондунун Сабанжы университетинин Сакып Сабанжы музейинде өткөрүлө турган иш чараларга катышуу үчүн Түркияга келет.

Анкарадагы программасы дүйшөмбү күнү эрте менен Аныткабирде  баштала турган  принцессасы Акико Түрк  - Япон фондуна баргандан кийин Кыршехирде Каман Калехөйүктөгү Япон  - Анадолу археологиялык институтуна барат.

Принцесса Акико 2014 -  жылы да Түркияга сапар менен келген.

 

 



Тектеш кабарлар