Валюта курсундагы өзгөрүүгө каршы кыймыл планы даярдалды

Министр Албайрак валюта курсундагы жогорулоо боюнча маалымат берди.

1030955
Валюта курсундагы өзгөрүүгө каршы кыймыл планы даярдалды

Казына жана каржы министри Берат Албайрак валюта курсундагы кыймылдуулуктун өтө так түрдөгү кол салуунун белгиси экенин баса белгиледи.

Министр Албайрак валюта курсундагы жогорулоого токтолду.

Берат Албайрак бир гезитке берген маегинде, дүйнөлүк финансы системасынын эң чоң оюнчусу АКШнын бул кол салуусунун баардык өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө ушундай абалды жаратканын айтты.

«Түрк экономикасынын бекем эместиги боюнча күнөөлөө кара ниеттүүлүк болуп саналат»,- деген Албайрак, валюта курсундагы өзгөрүүгө каршы кыймыл планын даярдагандарын билдирди.

Министр Албайрак бүгүндөн тарта керектүү кадамдардын таштала турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар