Лавров Түркияга келе жатат

Министр Лавров Анкарадагы жыйынга катышат.

Лавров Түркияга келе жатат

Лавров алдыдагы жумада Түркияга келет

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров алдыдагы жумада Түркияга келет.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова жумалык маалымат жыйынында, министр Сергей Лавровдун 13-14-августта Түркияга келе турганын жана баш калаа Анкарада элчилер менен туруктуу өкүлдөр да боло турган жыйынга катышаарын белгиледи.

Захарова, министр Лавровдун түркиялык кесиптеши Мевлүт Чавушоглу менен да сүйлөшүү өткөрө турганын билдирди.

Захарованын айтымына караганда тараптар Сириядагы өткөөл процесси менен катар эл аралык маселелерди талкуулашмакчы.

Эки министрдин түрк-орус экономикалык жана соода-сатык алакаларынын өнүктүрүлүшүнө карата темаларды сүйлөшө тургандарын айткан Захарова, өзгөчө «Түрк агымы» газ кууру жана Түркиянын алгачкы атомдук станциясы болгон Аккую станциясынын курулуш процессине токтоло тургандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар