Эрдогандын «Түркия, АКШ менен болгон кризисти кандай карайт?» аттуу макаласы

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШ менен болгон чыңалууну «Нью-Йорк Таймс» гезитине жазган макала менен маалымдады.

1030346
Эрдогандын «Түркия, АКШ менен болгон кризисти кандай карайт?» аттуу макаласы

Президент Режеп Таййип Эрдоган,  АКШнын бир жактуу жана урмат-сыйсыз мамилесин өзгөртпөсө Түркиянын жаңы дос жан шериктештерди издей баштай турганын белгилеп өттү.

Эрдоган, АКШ менен болгон чыңалууну «Нью-Йорк Таймс» гезитине жазган макала менен маалымдады.

Эрдоган гезитке «Түркия, АКШ менен болгон кризисти кандай карайт?» аттуу макала жазды.

АКШны Түркиянын эгемендигине урмат-сый көрсөтүүгө чакырган Эрдоган: «Өнөктөштүгүбүз коркунучка түшөт»,-деди.

Эрдоган, Вашингтондун бир жактуу кадамдарынын өз кызыкчылыктарына жана коопсуздугуна зыян тийгизе турганы менен эскертти.

Эрдоган: «Жамандык дүйнөнүн ар тарабында мээлеп турган мезгилде, көптөн бери шериктешибиз болгон АКШнын Түркияга каршы таштаган бир жактуу кадамдары бир гана АКШнын кызыкчылыктарына жана коопсуздугуна зыян тийгизет»,-деп жазды.

Эрдоган: «Вашингтон менен карым-катнаштарыбыз ассимметриялуу боло турганы жөнүндөгү жаңылыш ой-жүгүртүүлөрүн ташташы керек»,-деди.

АКШнын Түркиянын альтернативага ээ болгонун кабыл алышы керектигин баса белгилеген Эрдоган «бул бир жактуу жана урмат-сыйсыз мамилесин терсине бура алышпаса, биз жаңы дос жана шериктеш издөөнү баштайбыз»,деген маалымдоосун жасады.

Эрдоган, акыркы жылдарда эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн АКШ тарабынан түшүнүшпөстүктөр менен сыналганын белгиледи жана АКШны Түркиянын эгемендигин урматтоого чакырды.

Эрдоган, түрк улуту туш болгон коркунучтарды АКШ түшүнгөнүн далилдей албаса өнөктөштүктүн коркунучка түшө турганы боюнча эскертти.

АКШ башкаруучулугун катуу сынга алган Эрдоган: «Пенсилванияда жашап жаткан Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн корбашчысы 2016-жылдын 15-июлунда өкмөтүмдү кулатууга аракет кылды. Түрк калкы АКШдан бул кол салууну айыптап, Түркиянын шайланган өкмөтүнө колдоо көрсөтүүсүн күттү, бирок АКШ айыптаган жок. Эки тараптуу келишимдерге ылайык кайтарып берүүсүн талап кылдык, бирок дагы деле орундатылган жок. Сирияда жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ/ПЙДга миңдеген курал жөнөтүлдү. Бул куралдар Түркия, Сирия жана Иракта жарандарды өлтүрүү үчүн колдонулду»,деген маалыматтарды берди.

Түркиянын мөөнөт белгилегенин айткан президент Эрдоган, АКШ кулак салбаса Түркия дагы бир жолу өз киндигин өзү кесе турганына басым жасады.

Эрдоган: «1970-жылдарда Кипрдеги түрктөргө карай жүргүзүлгөн кыргынды токтотуш үчүн АКШнын бардык каршы чыгууларына карабай Кипрге кирдик. Сириянын түндүгүнөн келип чыккан улуттук коопсуздугубузга карай коркутуулар АКШ тарабынан түшүнүлө албаган соң 2 аскердик операция жүргүздүк»,- деп эскертти.


Этикеткалар: #Эрдоган , #АКШ , #Түркия

Тектеш кабарлар