Эрдоган: "Валюта курсун чукул көтөрүп жиберүү менен Түркияны кулата албайсынар"

Эрдоган: «Бүткүл дүйнөгө экономикалык согуш жарыялаган, санкция коркутуулары менен өлкөлөргө салык салган бул тартипти биз эч качан кабыл албайбыз»,-деди.

1030527
Эрдоган: "Валюта курсун чукул көтөрүп жиберүү менен Түркияны кулата албайсынар"

Эрдоган, акыркы күндөрдө валюта курстарындагы толкундоо шылтоо кылынып Түркиянын үстүнөн кара булуттарды желдирүүгө аракет кылынганына шилтеме кылды.

«Маселенин доллар, евро, алтын болбогонун биз абдан жакшы билебиз»,-деп айткан Эрдоган: «Булар өлкөбүзгө каршы башталган экономикалык согуштун октору, бомбалары, ракеталары болуп саналат. Биз албетте буларга каршы туруш үчүн керектүү чараларды көрдүк, көрүүдөбүз. Бирок эң негизгиси бул куралдарды аткан колдорду сындыруу. Бул колдорду сындырган үчүн ушул кол салууларга дуушар болуудабыз»,-деп айтты.

Эрдоган: «Алар ойлоп жатышат окшойт валюта курсун чукул көтөрүп жиберсек Түркия кулайт, финансылык инструменттерди процесске киргизсек бул өлкө чөгөлөп берет, бизге башкача укукту киргизсек бул өлкө багынып берет деп. Түркия ачык экономика менен иштейт. Демократиябызды канчалык кыйынчылыктрага көкүрөк тосуп өнүктүрдүк. Биз өнүгүп жатканда бирөөлөрдүн бутун басып жатканыбыз түшүнүктүү болуп калды»,-деп айтты.

Эрдоган: «Бүткүл дүйнөгө экономикалык согуш жарыялаган, санкция коркутуулары менен өлкөлөргө салык салган бул тартипти биз эч качан кабыл албайбыз»,-деди.

АКШга каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Эмне кылсаңар кылгыла, террор уюмдарынын баштарын жанчыбай койбойбуз. Сирия жана Ирак саясаттарыбыздан баш тартпайбыз»,-деп айтты.

Эрдоган, Орусия, Иран, Украина, Кытай жана Индия менен жергиликтүү акча бирдиги менен соода кыла тургандарын белгилеп кетти.


Этикеткалар: #Эрдоган , #доллар

Тектеш кабарлар