Мирослав Лайчак Анкарага келет

Лайчак быйыл онунчусу өтө турган Элчилер конференциясына катышат.

Мирослав Лайчак Анкарага келет

БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы Мирослав Лайчак Түркияга келет.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын басма сөз  катчысы Бренден Варма күнүмдүк маалымат жыйынында Лайчактын быйыл онунчусу өтө турган Элчилер конференциясына катышуу үчүн 13-августта Анкарага келе турганын айтты.

Ошондой эле Лайчактын БУУнун системасы, реформа процесси жана башкы ассамблеянын төрагасы катары алдыңкы пландары тууралуу сөз сүйлөй турганын, президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан бериле турчу түшкү сый тамакка катышаарын жана тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу менен жолуга турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар