Эрдоган: «Экономикалык согушта жеңилбейбиз»

Эрдоган, Байбуртка сапары убагында валюта курстарындагы жогорулоого байланыштуу маалымдоо жасады.

Эрдоган: «Экономикалык согушта жеңилбейбиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, түрк лирасынын акыркы күндөрдөгү олку-солкулуктарына байланыштуу «Экономикалык согушта жеңилбейбиз»,-деп айтты.

Эрдоган, Байбуртка сапары убагында валюта курстарындагы жогорулоого байланыштуу маалымдоо жасады.

Президент, экономикалык согушта экендиктери  жөнүндөгү маалымдоолорун кайталап, «Экономикалык согушта жеңилбейбиз»,-деди.

Эрдоган кечээ да Ризеде: «Ар түрдүү акциялар жүргүзүлүүдө. Бул акцияларга кулак салбагыла. Муну унутпагыла, алардын долларлары бар болсо биздин калкыбыз, акыбыз, Аллахыбыз бар. Биз көп иштөөдөбүз. 16 жыл мурда кандай элек, учурда кандайбыз? Сиздерге сабыр, аракеттенүүнү тилеймин. Көп иштейбиз, көп жүгүрөбүз. Буюрса 2023-жылга (Республиканын курулганынын 100 жылдыгы) башкача киребиз. Менин буга ыйманым, ишеничим бар»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар