Стамбулдагы жаңы аэропорттун 95 пайызы бүткөрүлдү

Жаңы аэропортко көчүү иштери 29-октябрда башталат.

Стамбулдагы жаңы аэропорттун 95 пайызы бүткөрүлдү

Стамбулдагы жаңы аэропорттон алгачкы учуунун күнү жана багыты белгилүү болду.

95 пайызы бүткөрүлгөн аэропортко көчүү иштери 29-октябрда башталат.

Стамбулдагы жаңы аэропорттон алгачкы каттам болсо 31-октябрда саат 14.00тө Стамбулдан Анкарага жүргүзүлөт.

Чет өлкөгө алгачкы учуулар да Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен Азербайжанга болот.

Көчүрүү иштеринин орто эсеп менен 45 саатка созулаарын белгилеген Түрк аба жолдорунун башкаруу кеңешинин төрагасы Илкер Айжы: «Жаңы аэропортко өтүү менен бирге авиация тарыхындагы улуу көч башталат. Жалпы 15 миң унаа ташылат. Көчүү иштеринде 15 миң фураны колдонобуз. Түрк аба жолдорунун жаңы аэропортунда 10 миң чарчы метрдик атайын жүргүнчү залы жана 40 миң орундуу унаа токтоочу жай болот»,-деди.



Тектеш кабарлар