Түркиянын экономикасы күчтүү өсүү ылдамдыгын улантып жатат

Түркияны казына жана каржы министри Берат Албайрак,«Глобалдык экономикалык коркунучтар» аттуу отурумда сөз сүйлөдү.

Түркиянын экономикасы күчтүү өсүү ылдамдыгын улантып жатат

Түркияны казына жана каржы министри Берат Албайрак, Түркиянын экономикасы күчтүү өсүү ылдамдыгын улантып жатканын айтты.

Дүйнөнүн эң өнүккөн 20 экономикасынын каржы министрлери менен борбордук банктарынын төрагалары Аргентинанын борбор калаасы Буэнос-Айресте глобалдык экономиканы талкуулап жатышат.

Жыйналыштарга катышкан казына жана каржы министри Албайрак, «Глобалдык экономикалык коркунучтар» аттуу отурумда сөз сүйлөдү.

Түркиянын экономикасы тууралуу маалыматтарды берген Албайрак, «Түркиянын экономикасы күчтүү өсүү ылдамдыгын улантууда. Экономикалык пайдубалдарыбыз күчтөнүшүн улантууда жана көрүнүшүбүз үмүт берет»,-деди.

Түркиянын башкаруучулугунда жасалган структуралык өзгөрүүлөрдү да түшүндүргөн Албайрак, айрым министрлик жана институттардын кайрадан түзүлө турганын жана кабинетте орун алган министр санынын 26дан 16га түшүрүлгөнүн эске салды.

Берат Албайрак, «Инфраструктураны финансылык байлык категориясына айландырууга карай жол картасынын өнүктүрүлүшү» отурумунун ачылыш сөзүн да сүйлөдү.

Албайрак, Түркиянын жогорку сапаттагы инфраструктура долбоорлорунун ишке ашырылышында көптөн бери уланган ийгиликтүү иш-аракетке ээ болгонун белгилеп өттү.

Албайрак, Түркиянын геополитикалык абалы, стратегиялык мааниси жана жогорку сапаттагы инфраструктурасы менен катар ырааттуу жана келечекти көрө билүү чөйрөсү менен инвестициялар үчүн коопсуз порт болушун улантканын айтты.



Тектеш кабарлар