Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Хаккариге барды

Башкы штабдын мурунку төрагасы Хулуси Акар Улуттук коргоо министри сыпаты менен биринчи өлкө ичи сапарын Хаккариге жасады.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Хаккариге барды

 Башкы штабдын мурунку төрагасы Хулуси Акар Улуттук коргоо министри сыпаты менен биринчи өлкө ичи сапарын Хаккариге жасады.

Чукуржа элетиндеги 2 миң 270 бийиктиктеги Дагбашы база аймагына барган Хулуси Акар : «Кудайга шүгүр жогорудан төмөн карай террористтерди чек арабыздан чыгардык. Террористтерди көзөмөлдөөнү улатабыз»,- деди.

Хулуси Акар башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Йашар Гүлер, кургак жер күчтөрүнүн командири, армияны генералы Үмит Дүндар, аба күчтөрү командири, армиянын генералы Аднан Өзбал менен кечээ кечки сааттарда учак менен Хатайга барды.

Йүксекова Селахаддин Эййүби аэропортунан 3 -  жөө аскер двизиясы командирлигине барган Акар кыймыл борборунда террористтер менен күрөшүү операцияларына байланыштуу маалымат алды жана жолдомолорду берди.

Операциялардан кийин тазаланган аймакта аткарылган иштер боюнча маалымат алган министр Акар жана коштоосундагы командирлер жикчил террордук уюмдун мүчөлөрү менен кагылышууга кирип каармандык дастанын жазган шейиттер үчүн тургузулган эстеликке да барды.

Террор менен күрөшүүгө карата башталган жаңы этаптардын негизинде маанилүү ийгиликтерге жетишилгендигин айткан Акар : «Өткөн жылдарда бул аймактарда террористтер бар эле. Жогорудан ылдый карай бул террористтерди чек арабыздын тышына чыгардык. Көзөмөлдөөнү улантабыз. Күнү түнү, жай кыш, тоо – таш дебестен ФЕТӨ, ПКК/ПЙД/ЙПГ жана ДАИШ террордук уюмдарын, бардык коркутуу жана коркунучтарга каршы террор менен күрөшүү акыркы террорист калганга чейин чечкиндүүлүк менен улантылат»,- деди.

Министр Акар жакшы коңшулук карым – катнаштарды жактагандыгын белгилеп, Түркиянын укук жана кызыкчылыктарын коргой тургандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар