Президент Эрдоган 15-Июль боюнча элге кайрылды
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) ишке ашпаган төңкөрүш аракетинин 2 жылдыгынын себеби менен Стамбулда уюштурулган шейиттерди эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, 15-июлдун терең кайгыруунун жана ошол эле учурда чоң сыймыктануунун күнү болгонун айтты.
Эрдоган, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) ишке ашпаган төңкөрүш аракетинин 2 жылдыгынын себеби менен Стамбулда уюштурулган шейиттерди эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөдү.
Улут катары ал түнү 251 шейиттин кайгысын тартканын эске салган Эрдоган, бир тараптан теңдеши аз кездешилген туруштукту көрсөтүүнүн сыймыгы сезилгенин баса белгиледи.
Түрк тарыхы жетишкен ар бир жеңиштин артында берилүү, умтулуу, акыл-эстүүлүк жана эр жүрөктүк болгонун белгилеп өткөн президент, 2016-жылдын 15-июлунда жетишилген жеңиштин ушундай экенин билдирди.
Эрдоган: «Бул жеңиш, улутубуздун туруштугу менен катар, ал түндөгү танкаларга, учактарга жол бербеген шейит жана ардагерлерибиздин эр жүрөктүүлүгүнүн натыйжасы»,-деди.
15-Июлдун улуттук эрк камкорчулукка, эр жүрөктүүлүк чыккынчылыкка, улут чыккынчыларга үстөмдүк кылган, адамзат тарыхында алтын тамагалар менен жазылган чоң күрөштүн аты болгонун белгилеген Президент: «Бул күрөштүн жана жеңиштин ээси 81 миллион калктын бардыгы. 15-Июлда биз менен дүйнө жүзүнүн төрт тарабында адилеттик жана эркиндик күрөшүн жүргүзгөн бардык эзилген калктардын жеңиши болуп саналат»,-деп айтты.
15-Июль процессинде эки жүздүүлөрдүн да белгиленгенин билдирген Эрдоган, ал түнү түрк улуту үчүн дуба кылгандар менен, ФЕТӨнүн ийгилиги үчүн аракет кылгандардын эч качан унутулбай турганына басым жасады.
Президент Эрдоган: «15-июль бизге бул акыйкаттыкты дагы бир жолу көрсөттү. Бул улут асыл улут, эр жүрөк улут, баатыр улут, эркиндиги үчүн жанын аябаган улут»,-деп айтып, сөздөрүн, «15-Июль руху жашап турганда, Түркияны жолунан чыгара турган эч бир күч болбойт»,-деп бүтүрдү.