Түрк куралдуу күчтөрү 13 - күзөтүн аткарды

Биринчи күзөт 18 -  июнда аткарылган.

Түрк куралдуу күчтөрү 13 -  күзөтүн аткарды

Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын Манбиж районунда 13 -  күзөттө туруу милдетин аткарды.

Башкы штабдан берилген маалыматка караганда Түрк куралдуу күчтөрү жана АКШнын куралдуу күчтөрү тарабынан «Евфрат калканы» кыймылынын аянтына кирген жана Манбиждин арасында калган линияда 13 -  координациялуу, көз карандысыз күзөт ишин аткаргандыгын билдирди.

Биринчи күзөт 18 -  июнда аткарылган.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жана АКШлык кесиптеши Майк Помпео 4 -  июндагы сүйлөшүүлөрүндө райондо коопсуздук жана ырааттуулуктун түзүлүшүн камтый турган жол картасын бекиткен.

План түрк жана АКШ тарабынын аскердик жана чалгындоо элементтери менен райондо бирдикте текшерүүнүн башталышын да күтүп жатат.

Макулдашуу айрыкча Манбижден террористтердин чыгышынан кийин райондун жергиликтүү элементтерден бир башкаруусунун курулушун максат кылууда.

ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюм Халеп облусуна караштуу Манбиж районун 2016 -  жылы августта АКШнын колдоосу менен террордук уюм ДЕАШтан алып басып алган.

Манбиж калкынын 90 пайызынан көбүн араптар түзөт.



Тектеш кабарлар