Террор менен күрөшүү

ПКК террордук уюмга таандык 28 бута жардырылды.

Террор менен күрөшүү

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн аба операциясында ПКК террордук уюмга таандык 28 бута жардырылды.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка ылайык кечээ Ирактын түндүгүндөгү Метине, Зап, Авашин  - Басян, Хакрук, Гара жана Кандил аймактарына абадан операция жүргүзүлдү. Операцияда баш калкалоочу жерлер менен ок – дары сактоочу жерлер ийгиликтүү жардырылды.

Террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен улантылары баса белгиленди.

Бир тараптан коопсуздук жана жандармериянын орток операциясы менен Османиеде 11, Диярбакырда 3, Шырнакта 4 болуп жалпы 18 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта жикчил террордук уюм ПККга карата операциялардын улантылып жаткандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар