НАТОнун декларациясында Түркиянын түштүк чек арасын коргоо орун алды

НАТОнун декларациясында Түркиянын түштүк чек арасын коргоо орун алды

НАТОнун декларациясында Түркиянын түштүк чек арасын коргоо орун алды

НАТО, Түркияга түштүк чек арасынан багытталган коркунучтарга карата алдын алууларды арттыруу чечимин чыгарды.

Шериктештиктин Бельгиянын борбор шаары Брюсселде мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларын жолугуштурган саммиттин алгачкы күнү жарыяланган жыйынтык декларациясы менен аяктады.

Декларациянын 23-беренесинде шериктештиктин Түркияга түштүк чек арасынан багытталган коркунучтарга карата алдын алууларды арттыруу чечимине басым жасалып, террор менен күрөшүүдө кызматташтык белгиси берилди.

«Түркияга Сириядан багытталган баллистикалык ракета коркунучун байкоону жана көзөмөлдөөнү улантабыз» деген сөздөр жазылган декларацияда, «Шериктештер террор менен күрөшүүдө бирдиктүү болуп, колдошууда. Коркунуч жана бейбаштыктарга каршы бирглешип күрөшүүдө»,делди.


Этикеткалар: Түркияга , НАТО

Тектеш кабарлар